Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лукашенко: Трамп чыр-чатак улана берсе Украина жок болот деген ойго кошулат

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжал улана берсе өлкө картадан жок болуп кетет деген көз карашты колдойт деген ойдо экенин билдирди. Бул тууралуу ал америкалык Newsmax TV телеканалындагы маегинде билдирген.
Ал жаңжалдын уланышы Украинанын өзүнө да жакшылык алып келбей турганын белгилеген.
"Эгер Украина Россияны жеңе алам деп эсептеп, согушууга даяр болсо, анда согуша берсин. Менин оюмча, мындан ары да ушундай согуша берсе Украина картадан биротоло жоголуп, жашоосун таптакыр эле токтотот", — деген ал.
Беларусь президентинин айтымында, Европа Зеленскийге согушууга жардам беребиз дегени менен буга каражаты жок экенин белгиледи.
"Зеленский Украина боюнча келишимге барууну каалабай жатат. Анткени европалыктар согушууга жардам беребиз деп Зеленскийдин кулагына шыбырап жатышат. Чынында эч кандай жардам беришпейт. Алардын АКШныкындай ресурсу жок. Кокус америкалыктар кол сунуудан баш тартса, анда эскалациядан качууга мүмкүн эмес. Ошондо Макрон, Мерц жана Стармер өздөрүнүн катасын сезишет", — деди ал.
Президенттен интервьюну телеканалдын алып баруучусу Грета Конвей Ван Састерен алган. Ал — АКШнын Беларустагы атайын өкүлү Жон Коулдун жубайы. Лукашенко аны менен 12-13-декабрда Минскиде жолугушкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинадагы жаңжалдын соңу көрүнүп калганын айтты