Кыргызстанда үйлөр эмнеге кымбаттап жатат? Адистин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Акыркы жылдары Кыргызстанда турак жайдын баасы тездик менен өсүп жатат. Бул тууралуу Эл аралык куруучулар ассоциациясынын аппаратынын жетекчиси Кайнарбек Кулуев курулуш секторун өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, быйыл Бишкекте жер тамдар 35,7 пайызга, Ошто 25,8 пайызга кымбаттады. Ал эми батирлердин баасы борбор калаада 17,5 пайызга, Ошто 22,8 пайызга өскөн.
"Турак жайдын баасынын өсүү темпи инфляциянын деңгээлинен төрт эсе жогору. Мында сатып алуу-сатуу келишимдеринин саны 9,1 пайызга кыскарган, бирок рыноктун акчалай түрдөгү жалпы көлөмү азайган жок. Баалардын өсүшү муну менен келишимдердин санынын азайышы турак жайдын жеткиликтүү эместигин жана калктын реалдуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүн билдирет", — деди Кулуев.
Ал ошондой эле көп кабаттуу үй салганга жердин тартыштыгы, курулуш материалдарынын кымбатташы жана жумушчу күчтүн жетишсиздиги баалардын өсүшүнө өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, Кулуевдин айтымында, жеңилдиктер бүгүнкү күндө негизинен мамлекеттик долбоорлорго гана берилип келет. Ал ошондой эле Кыргызстанда 1443 курулуш уюму катталганын, алардын 99 пайыздан ашыгы чакан жана орто ишканаларга таандык экенин кошумчалады.
МИК Бишкекте 34 кабаттуу үйлөрдүн курулушун баштады