БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстан экономиканын өсүшү боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнө кирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда республиканын ИДПсынын өсүшү 10 пайыз менен баратат. 2020-жылы өлкөнүн тышкы карызы ИДПга салыштырмалуу 54 пайызды түзсө, азыр 25%га төмөндөдү.
"Тышкы карыздарды бир күндө төлөп салсак болот, бул үчүн каражатыбыз жетиштүү. Бирок келишимдер боюнча, карыздарды эрте төлөп салуу биз үчүн пайдасыз болуп чыкты. Эрте төлөнсө үстөк, айып пул салынат деген шарттар бар. Ошондуктан карыздарды жыл аягында канча төлөш керек болсо, ошончо төлөп кете беребиз. 2035-жылдарга барып мурда алган карыздарыбыздан жеңил эле кутулабыз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле өлкөнүн алтын-валюталык запасы үстүбүздөгү жылы 8,5 миллиард долларга жеткенин айтып, 2020-жылы эле 2,5 миллиард доллардан бир аз ашык болгонун эске салды.