Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине гүлдөрдүн экспортун кескин көбөйттү

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Ушул жылдын 10 айында Кыргызстан 3,3 миллиондон ашык гүл жана гүл бүчүрлөрүн экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Россия жеткирүүнүн негизги багыты (ЕАЭБ өлкөсү) болуп, ал жакка дээрлик 3,1 миллион даана гүл продукциясы жөнөтүлгөн. Калган көлөм Өзбекстанга туура келет.
Белгиленгендей, азыркы экспорт республика үчүн рекорддук болуп саналат. Буга чейинки жылдары көлөм кыйла эле аз болчу (өткөн жылы — 133,5 миң).
Кыргызстан 15 миң электромобилге квота алды. ЕАЭБ премьерлери кол койгон документтер