Россиянын өзөктүк калканы. Кубаттуу ракеталар тууралуу баяндаган кызыктуу видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 17-декабрь — Стратегиялык багыттагы Ракета күчтөрүнүн күнү. Бул датага карата тарыхка жана аталган куралдын азыркысына баам салабыз.
Учурда Стратегиялык багыттагы ракета аскерлеринин курамына Владимир, Омск жана Оренбург шаарларында жайгашкан үч ракета бирикмеси кирет. Анын ичинде Тверь облусунан тартып Иркутск облусуна чейин жайгашкан 12 ракета кошууну, арсеналдар, Астрахань облусундагы №4 мамлекеттик борбордук көп тармактуу полигон жана Казакстандагы Сары-Шаган №10 сыноо полигону бар.
Ракета күчтөрүнүн алптары:
"Тополь". Бул ракета комплекси СССР армиясынын курал-жарагына 1988-жылы кабыл алынган. Кийинчерээк "Тополь" комплексинин ордуна жаңы муундагы көчмө жер үстүндөгү ракета комплекстери — "Тополь-М" жана "Ярс" ишке киргизилген.
"Сармат". Дүйнөдөгү эң кубаттуу континент аралык ракета. Ал 7,5 мегатоннага чейинки өзөктүк жүктү дүйнөнүн каалаган жерине жеткире алат. Анын "Авангард" гиперүндүү согуштук блогу азыркы учурда бар болгон ПРО жана ПВО каражаттарынын эч бири тарабынан тосулбайт.
"Буревестник". Учкан аралыгы чектелбейт, көзгө көп көрүнө бербейт, технологиялар жана ПВО менен ПРО системаларын айланып өтө алган мүмкүнчүлүгү аны айбаттуу атаандашка эң күтүлбөгөн багыттардан сокку урууга жөндөмдүү кылат.
"Орешник". Бул — заманга бап келген курал. Учурдагы ПРО системалары, анын ичинде АКШнын Евробиримдигиндеги системалары да мындай типтеги ракеталарды тосуп калууга жөндөмсүз. Ал 5,5 миң чакырымга чейин учуп жетет.
"Тополь" комплекси жана анын сапары. Видео