БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Камчы Көлбаев менен Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу топторун каржылоого шектелген С.К.К. аттуу ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал Ош шаарында жана Ош облусунда өзүнүн таасирин күчөтүү максатында кримтөбөлдөргө ай сайын акча которуп, каржылап турган.
"С.К.К. алардын колдоосу менен күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн. Өзүнө жакпаган адамдарды коркутуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн "кызматтарын" колдонгон", — деди атайын кызмат.
Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.