Кабулда Кыргызстандын соода үйү ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кабулда Кыргызстандын соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков жана Афганстандын өнөр жай, соода министри Нуруддин Азизи катышты.
Белгиленгендей, Соода үйүнүн ачылышы Афганстанга экспортту көбөйтүүгө жардам берип, эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп калат.
Тараптар бул кадамдын соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Египет, БАЭ, Индонезия ЕАЭБ менен эркин соода аймагын түзүү ниетинде