БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаап, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас аймагында -1…4, Ош, Жалал-Абад облустарында 4…9, Баткенде 3…8, Ысык-Көл жергесинде 2...7, Нарын өрөөнүндө -3…2 градуска жетет.
Термометр Бишкекте 1…3, Ош шаарында 6…8 градусту көрсөтөт.