Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу жана инклюзивдүү окутуу маселеси бүгүн өзгөчө мааниге ээ. Ар бир баланын сапаттуу билим алууга жана коомго толук аралашууга укугу бар.Атайын мектептерде окуу процесси кантип уюштурулган, балдарга психологиялык жана адистик колдоо жетиштүүбү, ошол эле учурда мамлекет инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүдө кандай саясий багыт карманып жатат, мектептердин абалы, көйгөйү, муктаждыгы жана башка суроолорго жооп алуу үчүн биз атайын мектептин адиси жана Агартуу министрлигинин өкүлү менен маек курдук. Адистер учурдагы абалды, негизги көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун бөлүштү.