Өлкөдө кибер кылмыштуулук акыркы жылдары тез өсүүдө. Фишинг, аккаунттарды бузуу, онлайн алдамчылык сыяктуу аракеттер менен қатар, акыркы кезде SIM-карталарды жана банктык карталарды сатуу менен кылмышка жардамчы болгон учурлар көп болуп жатат. Мындай карталар көбүнчө интернет алдамчылык, фишинг сыяктуу кылмыштарда колдонулат. Укук коргоо органдары мындай мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүп, SIM-карта же банктык картасын саткан адам жоопко тартыларын эскертип келет. Мыйзамга ылайык, мындай мыйзамсыз операциялар алдамчылыкка, документтерди мыйзамсыз пайдаланууга же кылмышка көмөктөштү делип, айып пул же эркинен ажыратуу түрүндө жаза берилет. Укук коргоо органдары кибер чабуулдарды аныктоо жана алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бирок жарандар да өздөрү маалыматтарын коргоо боюнча сак болуу жана коопсуздук эрежелерин сактоосу керектигин Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ага ыкчам өкүлдөрү кеп кылышты.