Туризмди өнүктүрүү фонду өлкөнүн туризм мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууда: тоо-лыжа кластерин түзүү аркылуу кышкы туризмди жаңы деңгээлге чыгарып, инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициянын агымын көбөйтүү көздөлүүдө. Ошондой эле MICE-туризмди өнүктүрүү — конференциялар, форумдар жана бизнес иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап шарттарды түзүү — Кыргызстанды аймактагы ири иш-чаралардын борборуна айлантууга багытталууда. Фонддун пландары тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору Адилет Джанузаков маалымат берди.