БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Украина Россиянын конфискацияланган активдерисиз күн көрбөй калат. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости Sky News басылмасына шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, азыр Украинанын каржы көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө чамасы жетпейт.
“Бул колдоо болбосо биз көпкө туруштук бере албайбыз”, — деген Зеленский.
Россиялык активдердин айланасындагы абал
Атайын операция башталгандан бери Евробиримдик менен G7 өлкөлөрү россиялык валюталык резервдердин жарымын (дээрлик 300 миллиард евро) бөгөттөгөн. Азыр 200 миллиард евро ЕБдин эсебинде (басымдуу бөлүгү Euroclear эсебинде) турат.
Москва буга жооп кайтарып, “дос эмес” өлкөлөрдөн келген чет элдик инвесторлордун активдерин жана кирешелерин “С” деген атайын эсепке киргизген. Ал жактан каражатты атайын өкмөттүк комиссиянын чечими менен гана чыгарууга болот.
Ал эми Киевге жардамын аябайм деген Евробиримдик өзүнүн болгон каражатын жумшап, эми өлкө бюджеттеринен акча чыгарууну каалабай турат. Азыр ЕБ бөгөттө турган россиялык активдерди Киевге жумшоо үчүн Бельгиянын макулдугун күтүп жатат.
Ал убакта Бельгиянын бийлиги муну жапайычылык деп атап, биримдикти ал тургай сотко берерин билдирген.