Транспортту каттоо күбөлүгү жаңырып, онлайн-каттоо кызматы ишке кирди

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Автоунаанын техникалык паспортунун жаңы үлгүсү бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынан билдиришти.
Жаңы техпаспорт поликарбонаттан жасалып, көпкө колдонууга ылайыкташкан жана механикалык, химиялык таасирлерге туруктуу экени белгиленди. Андагы маалыматтар лазер менен чегилип жазылат.
"Жаңы техпаспорт заманбап стандарттарга толук жооп берип, жогорку деңгээлдеги коргоочу элементтер менен камсыздалган", — деп белгилеген президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Ошондой эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы ишке киргени айтылды. Ал адам факторун азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөрү белгиленген.
Кыргызстандагы эл көп алган седандардын баасы өзгөрдүбү? Инфографика