ТИМ Мьянмадагы лагерде мыйзамсыз кармалып турган кыргызстандык аялды алып келди

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги алдамчылык схемасынын курмандыгы болгон кыргызстандык аял мекенине алып келингенин билдирди.
ЖМКлардын маалыматына таянсак, аялды Таиландга жакшы төлөнгөн маяна аласың деп чакырышкан. Ал жакка баргандан кийин суроо-сопкутсуз Мьянмага жөнөтүп, алдамчылардын колл-борборунда иштөөгө мажбурлашкан.
ТИМ эмгек мигрантын Мьянмадагы аскердик лагерде мыйзамсыз кармап турушканын айтышты. Аны эвакуациялоо боюнча Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги менен Таиланддагы ардактуу консулдугу биргелешип иш алып барган.
ТИМден жыл ичинде баш-аягы 12 кыргызстандык Мьянмадан кайтарылганын билдиришти. Бул жарандарды эвакуациялоонун негизинде учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары мыйзамсыз миграция каналдарын жабуу жана алдамчылык аракеттерге каршы күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканы айтылды.
"Министрлик, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандарынын адам сатуу схемаларына илешип калган учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орношуу боюнча сунуштарды карап жатканда, өзгөчө, расмий эмес каналдарды колдонгондо өтө этият жана сак болууга дагы бир жолу чакырат", — деп айтылган анда.
Кандайдыр бир күмөн саноолор же суроолор пайда болгон учурда тиешелүү кеп-кеңеш жана колдоо алуу үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине токтоосуз кайрылууну эскертишти.
Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурматов Кыргызстанга кайтты