Москвада "Раймалы менен Бегимай" этномюзикли коюлду

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Москвада "Раймалы менен Бегимай" этномюзикли коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү кабарлады.
Чыгарма Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери тарабынан даярдалган.
1 / 3

Москвада "Раймалы менен Бегимай" этномюзикли коюлду

2 / 3

Чыгарма Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери тарабынан даярдалган

3 / 3

Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев спектакль кыргыз элинин маданий жана руханий мурасын сактоого, жайылтууга багытталганын белгиледи

Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев спектакль кыргыз элинин маданий жана руханий мурасын сактоого, жайылтууга багытталганын белгиледи.
"Элчи маданияттар ортосундагы диалог жаратман дүйнөнү куруу үчүн бекем көпүрө болорун, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү экенин айтты", — деди консулдук.
Иш-чарага Москвада жашаган мекендештер, дипломатиялык миссиялардын жетекчилери менен өкүлдөрү, россиялык мамлекеттик органдардын жана маданият чөйрөсүндөгү ведомстволордун өкүлдөрү, белгилүү маданият жана искусство ишмерлери катышты.
Касымалиев баш болгон аткаминерлер "Раймалы менен Бегимай" этномюзиклине барды