Кыргызстанда egov.kg бирдиктүү мамлекеттик порталы ишке кирди

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстанда egov.kg бирдиктүү мамлекеттик порталы ишке кирди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган интернет-ресурс мамлекет менен жарандар ортосундагы байланышты ачык-айкын уюштуруп, калкты ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.
"Портал аркылуу колдонуучулар министрликтердин расмий маалыматтарын, негизги документтерин тез жана оңой таба алышат. Учурда бардык мамлекеттик органдарды этап-этабы менен жаңы платформага өткөрүү иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Портал аркылуу расмий органдардын кабарларын гана албастан, "Түндүк" тиркемесинде жеткиликтүү болгон айрым мамлекеттик кызматтарды да алууга болот.
Транспортту каттоо күбөлүгү жаңырып, онлайн-каттоо кызматы ишке кирди