БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кызматкерлеринин саны 25тен жогору болгон уюмдар майыптыгы бар жарандар үчүн кеминде төрт пайыз жумуш ордун бөлүп берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөдө 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Алардын болжол менен 29 миңи иштөөгө даяр жана мүмкүнчүлүгү бар.
"Ушул жылдын 9 айында 221 майыптыгы бар адам жумушка орношту, бул 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Ишканалар атайын квота бөлүү менен бирге майыптарга ийкемдүү жана толук эмес иш убактысын караган мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.