Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар кайсы тармакта амбассадорлор таанытат жана 30дай белгилүү адам менен келишим түзүлдү. Бул тууралуу Айзада Нурадилева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, амбассадорлорду дайындоодо чет өлкөлүк блогерлер менен да келишимдер болот.
"2026-жылы Эгемендик күнүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болсо, негизги иш-чаралардын бардыгы Ысык-Көл облусунда өтүп, 6-сентябрда жыйынтыкталат. Оюндарга 90го чукул өлкөдөн катышуучулар менен меймандардын келиши күтүлүүдө. Учурда ири иш-чараны таанытуу, элчилерди жайылтуу иштери жүрүп жатат. ДКОну ар кайсы тармакта амбассадорлор таанытат. Алсак, Айсулуу Тыныбекова, Эдуард Кубатов, Айым Айылчиева, Манас Ниязов, Адилет Ногойбаев, Келдибек Атайбеков, Асел Минагава өңдүү 30дай белгилүү адам менен келишим түзүлдү. Алар түрдүү тематика боюнча маалымат берип, оюндардын маанилүүлүгүн чагылдырышат",— деди Нурадилева.
Ошондой эле ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкекте "Биримдик кербени" маданий долбоору башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарын камтый турганын кошумчалады.