БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы кол алдындагылардан пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти.
Комитеттен А.Т.А. аттуу шектүү 2024-жылдан тартып Балыкчынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген адамдар аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип келгенин айтышты.
"Милиция кызматкерлерине ар кандай объектилерди күзөтүү үчүн негизги жумуш убактысынан тышкары кошумча иш таап берип, анысы үчүн туруктуу түрдө акча жыйнап турган. Акча системалуу түрдө алынган", — деп айтылат маалыматта.
Милициядан тергөө уланып жатканын кошумчалашты.