Жаңы башкы план: трамвай, Бишкек-Сити жана административдик шаарча көрсөтүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бишкектин 2050-жылга чейинки өнүгүүсүн камтып, жаңы башкы планды иштеп чыккан компания калаадагы негизги курулуштарды, өзгөрүүлөрдү көрсөткөн видео жарыялады.
Ага ылайык, шаарды айланып өткөн темир жол жана автомобиль жолу курулуп, шаар ичиндеги бардык райондорду өз ара байланыштырган негизги транспорттук коридорлор түзүлөрү белгиленген. Ошондой эле трамвайлар менен электричкалардын маршруту көрсөтүлгөн.
Ар бир райондо коомдук борборлор курулуп, анда билим берүү, медицина, спорт, маданият жана тейлөө тармактары жайгашары айтылат. Башаламан курулуштар чектелип, мектептер, бала бакчалар, бейтапканалар жана спорттук-маданий борборлор эл жашаган райондорго жакын салынат.
Ленин районундагы мурдагы ат майдандын ордуна "Бишкек-Сити" деп аталган бизнес-борбор пайда болот. Шаардын түштүк бөлүгүндө бардык министрликтерди чогулткан административдик шаарча салынып, Биринчи май районунда заманбап ипподром курулары көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, шаардын негизги документин Санкт-Петербургдагы Шаар куруу боюнча илим-изилдөө институту иштеп чыгууда. Концепциясын япониялык компания даярдаган.
Пресс-борбор
Бишкек мэри: дүрбөлөңгө түшпөгүлө, жашыл аймактагылардын үйү түрттүрүлбөйт