Антарктиданын чок ортосундагы "Восток" станциясы. Видео

Sputnik
1957-жылдын 16-декабрында советтик "Восток" илимий станциясы негизделген. Ал — Антарктидадагы материктин ички бөлүгүндө жайгашкан, азыркы учурда иштеп жаткан жападан жалгыз россиялык антарктикалык станция.
Көп жылдан бери россиялык окумуштуулар бул жерде углеводороддук жана минералдык чийки заттарды, ичүүчү суунун корун изилдеп, климаттын өзгөрүшүн байкашууда, геофизикалык жана башка илимий байкоолорду жүргүзүп келишет.
Дал ушул "Восток" станциясында Жер шарындагы эң төмөн температура -89,2 °C деп катталган. Ал эми станция ачылган күнү анын тарыхындагы эң жогорку температура байкалган — –13,6 °C.
Жай мезгилинде бул жерде болжол менен 25 адис иштесе, кышында алардын саны 13кө чейин кыскарат.
Станциянын астында илгери пайда болгон ири көл жайгашкан. Аны изилдөө эң маанилүү илимий милдеттердин бири болуп эсептелет. Ачылган күндөн бери "Восток" станциясы үч жолу реконструкциядан өткөн. Бул 1974, 1982 жана 2024-жылдары жасалган жана үч ирет консервацияланган.
Комплекстин алгачкы курулуштары эбак эле калың кардын алдында калган. Ал эми кийинки заманбап имараттар жарым-жартылай же толугу менен беш метрге чейинки тереңдикте карга көмүлүп турат.
Арктикадагы советтик экспедиция: биринчи илимий станция менен каармандардын баяны