Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Туск: АКШ Украинадан кээ бир аймактардан баш тартууну талап кылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Вашингтон Киевден тынчтык макулдашуусуна берилчү кепилдиктин ордуна бир катар аймактарынан баш тартуусун талап кылды. Бул туурасында Польшанын премьер-министри Дональд Туск айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтканына таянсак, АКШнын өкүлдөрү Берлиндеги жолугушууда Украинаны мажбурлабай, болгону сүйлөшүү процессин жеңилдеткиси келгенин бир нече ирет баса белгилешкен.
"Алар кээ бир аймактардан баш тартуу келечектеги макулдашуунун элементи болушу керектигин европалыктардын бардыгы эле колдой бербестигин айтышты. Вашингтон Россия ушундай болгондо гана кепке келет деген ойдо. Эгерде кепилдик берилсе, бир жагынан алганда, баш тартуу да болот. Россияны макулдашууга көндүрүү үчүн алар ушул гана жолду көрүп турушат", — деди Польшанын өкмөт башчысы.
Жекшемби менен дүйшөмбүдө Берлинде АКШ менен Украинанын делегациялары жолугуп, 20 пунктудан турган тынчтык планын талкуулады. Анда экономикадан тарта бир топ суроолор камтылган. Америка лидеринин атайын чабарманы Стивен Уиткофф иш ордунан бир аз жылганын билдирди. АКШнын президенти Дональд Трамп соңку сүйлөшүүлөрдөн кийин эми Украина аймактарынан кол жууганын айтып, кризистин түйүнү чечилгени калганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинадагы жаңжалдын соңу көрүнүп калганын айтты