БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, кар түшөт, жолдор тайгалак болот. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +5…+10, Талас облусунда +1…+6, Ысык-Көл чөлкөмүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градустун тегерегинде болот.
Термометр Бишкекте +8…+10, Ош шаарында+ 6…+8 градусту көрсөтөт.