Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги

Sputnik
Биз “Туяк” программасында мейманда советтик жана кыргызстандык илимпоз, Кыргыз ССРинде жогорку медициналык билим берүүнүн уюштуруучуларынын бири, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери, СССРдин эмгек сиңирген дарыгери. Илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Санжарбек Данияровдун кызы Асел Данирова болуп, биз окумуштуунун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу баарлаштык. Санжарбек Данияров физиология жана радиобиология жаатында көп изилдөөлөрдү жүргүзүп, өлкөдө радиобиологдордун мектебин негиздеген инсан.