Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун каржылоонун шарттары аныкталды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Маалыматка караганда, макулдашууга “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолу компаниясы менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Банктар синдикаты кол койгон. “Долбоордун баасы 4,7 миллиард доллар. Кытай банктарынын синдикаты сумманын жарымын, тагыраагы, 2,3 миллиард долларды 35 жылга кредитке берет. Калган 2,3 миллиард доллардын 51 пайызын Кытай камсыздаса, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5 пайыздан берет”, — деди министрлер кабинети. Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биргелешкен долбоордук компаниянын ортосундагы инвестициялык макулдашууга ылайык, каржы маселелери 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук камсыз кылынышы керектигин белгиледи. Ал эми “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКнын башкы директору Чжоу Син ортодогу келишим чогулган каражатты натыйжалуу пайдаланып, өз убагында ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады. Белгилей кетсек, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анын алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат.
Бүгүн мектептерге тармактык окутууну киргизүүнү камсыз кылууга багытталган жобону жана башка тиешелүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жыйын министр Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги астында өттү. Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топ тармактык окутуунун моделин ишке ашырууда эл аралык жана өлкөлүк тажрыйбада колдонулуп жаткан профилдештирүүнүн негизги багыттарын, аны уюштуруунун негизги формаларын карашты. Министр Догдуркүл Кендирбаева тармактык окутууну киргизүү окуучулардын жөндөмдөрүн жана кесиптик кызыкчылыктарын эске алууга, ошондой эле эмгек рыногунда талап кылынган адистешкен ашпозчу, электрик сыяктуу жумушчу кесиптерге багытталган кадрларды даярдоого шарт түзөрүн белгиледи.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын PR-менеджери Айзада Нурадилева ага даярдык кызуу башталып, элчилерди дайындоо, келишимдерди түзүү, расмий видеороликтерди тартуу иштери башталганын айтты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар кайсы тармакта амбассадорлор таанытат жана 30дай белгилүү адам менен келишим түзүлдү.Анын айтымында, амбассадорлорду дайындоодо чет өлкөлүк блогерлер менен да келишимдер болот.Ошондой эле ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бишкекте "Биримдик кербени" маданий долбоору башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарын камтый турганын кошумчалады.