Кыргызстанда акыркы жылдары ара төрөлгөн балдардын саны өсүп жатканын саламаттыкты сактоо тармагы да белгилейт. Дүйнөдө азыр 20 аптадан өйдө балдарды, башкача айтканда, 500 грамм салмактан өйдө балдарды бала кылууда. Ал эми Кыргызстанда 26 апталык ара төрөлгөн балдарды бала кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул оңой эмес. Өтө оор иш. Ал эми 8 жумадан өйдө түйүлдүктөрдү УЗИ аркылуу скрининг кылуу дүйнөлүк практикада сунушталат. Буга заманбап аппарат керек.
“Ачык кеп” программасында неанотолог Сагын Абдувалиевага ара төрөлгөн балдардын өсүшүнүн себеби, аларга күтүм, бойго бүтүрүүгө даярдануу жана башка суроолорду узатып жооп алдык.