2030-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү: негизги багыттар жана максаттар

Sputnik
Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты болуп саналат. 2030-жылга чейинки план бул тармакты системалуу түрдө өнүктүрүүгө багытталган.
Негизги максат — айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго коюу. Бул кошумча наркты жогорулатууга жана экспортдук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт. Планды ишке ашырууда эт, сүт жана мөмө-жемиш кайра иштетүү тармактарына өзгөчө көңүл бурулат. Заманбап технологияларды киргизүү жана сапат стандарттарын жакшыртуу негизги талаптардын бири.
Аймактарда чакан жана орто кайра иштетүү ишканаларын ачуу каралган. Бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Мамлекет тарабынан ишкерлерге финансылык колдоо көрсөтүлөт. Жеңилдетилген насыялар жана гранттык программалар ишке киргизилет.Фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо көздөлүп,ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыз кылуу башкы милдеттердин бири экенин Бакыт Орозакунов билдирди.