Кыргызстандагы туроператорлор өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытып, ички жана сырттан келген туристтерге сапаттуу, коопсуз жана туруктуу турпакеттерди сунуштоодо маанилүү роль ойнойт. Алар маршрут түзүп, мейманкана, транспорт, гид жана коопсуздук кызматтарын бирдиктүү форматта уюштурушат. Акыркы жылдары туроператорлор туруктуу туризмди өнүктүрүүгө басым жасап, жаратылышты коргоо, жергиликтүү жамааттарды колдоо жана экологиялык жоопкерчилик принциптерин ишине активдүү киргизе баштады. Ошол эле учурда тармакта лицензия маселеси талкуунун борборунда: айрымдар туристтик ишмердүүлүк үчүн лицензия талап кылынса, сапат жана коопсуздук жогорулайт дешсе, башкалар лицензиялоо ашыкча бюрократия жаратып, чакан бизнестин өсүшүнө тоскоол болот деп эсептешет. Кененирээк Кыргызстандагы туристтик уюмдардын ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров айтып берди.