БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жазаланбагандыктан улам ашынып кеткен Киевдин журналисттерди өлтүргөн кылмышы үчүн анын Батыштагы камкорчулары, тагыраагы, калкалап жүргөндөр да жоопкерчилик тартышы керек. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканы аталган ведомствонун сайтында жазылган.
Россияда 15-декабрь — Кесиптик милдетин аткарып жүрүп каза болгон журналисттерди эскерүү күнү деп белгиленет.
"Жоопкерчиликсиздиктен улам ооздуктабай калган киевдик режим менен бирге журналисттердин жана аскерий кабарчыларынын өлтүрүлүшү үчүн анын Батыштагы колдоочулары да жоопкерчилик тартууга тийиш деп ишенебиз. Ошондой эле кан төгүлгөн бул кылмыштарга карата атайылап унчукпай, ошону менен украин неонацисттерин жаңы зомбулуктарга түртүп жаткан адам укуктарын коргоо тармагындагы ар кандай көп тараптуу түзүмдөр жана институттар да жоопкерчилик тартышы керек", — деген Захарова.
Ал узап бара жаткан 2025-жыл орду толгус жоготууларды да алып келгенин айтып, Киев бийлигинин колунан курман болгон журналисттерди белгилеген:
Антон Волошин;
Никита Гольдин;
Дарья Дугина;
Семен Ерёмин;
Ростислав Журавлев;
Иван Зуев;
Валерий Кожин;
Игорь Корнелюк;
Олег Клоков;
Анатолий Клян;
Юлия Кузнецова;
Борис Максудов;
Александр Мартемьянов;
Андрей Панов;
Анна Прокофьева;
Андрей Стенин;
Александр Федорчак;
Максим Фомин (Владлен Татарский).
Мындан сырткары, Никита Цицаги жана дагы бир топтор бар.