Венера планетасына космостук станцияны СССР биринчи кондурган. Видео

1970-жылы 15-декабрда советтик станция дүйнөдө биринчилерден болуп Венерага конгон.
Sputnik
"Венера-7" деп аталган аппарат Байкоңур космодромунан көтөрүлүп, аталган планетага төрт айда жеткен.
Космостук бул программа жарым-жартылай ишке ашкан. Жалпысынан алганда, маалыматты берүү 53 мүнөткө созулган, анын ичинен 23 мүнөтү планетанын бетинде турганда жасалган.
Муну менен негизги тапшырма — планетанын бетине космостук станцияны кондуруу миссиясы аткарылган.
Мындан кийин Венерага дагы 10 космостук аппаратты жөнөтүшкөн. Алардын 9у советтик, ал эми бири америкалык техника эле. "Венера-9" тарткан сүрөттөр 1975-жылы алынган.
Акыркы ирет Жерден аталган планетага 1985-жылы учуу болгон. Аны советтик "Вега-2" аткарган.