Жапаров кар жиреп мектепке барган окуучуну президенттик балатыга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Мектепке белден келген кар кечип барган окуучуну өлкө башчы Садыр Жапаров президенттик балатыга чакырды. Бул тууралуу анын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарга бир метрге чейин жааган карды кечип бараткан баланын видеосу тараган. Интернет-колдонуучулар анын мектепке бара жатканын жазышкан.
Орунбековдун айтымында, ага Садыр Жапаровдун атынан белек дагы камдалып жатат.
"Бул видеону Садыр Нургожоевич өзү да көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду", — деди ал.
Нурзаман Алмазбеков Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы "Айдың-Көл" башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу. Ал математика жана кыргыз адабияты сабактарын жакшы көрөт. Сүрөт тартууга, футбол ойноого шыктуу.
Бишкектеги башкы балатынын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөт. Канча акча кетет?