Байсалов: президент 12-январга чейин эс алууну колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар жаңы жылдын башында 12-январга чейин эс алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Аткаминердин айтымында, жаңы жылдык каникулду узартууну өлкө башчы колдоду.
"Мамлекет башчыбыз чечти, бейшемби, жума күндөрү ( 8-9-январь, — ред.) эс алып, ошону менен 1-январдан 12-январга чейин эс алмай болдук", — деди Байсалов.
Белгилей кетсек, буга чейин Эмгек министрлиги да ушундай демилгени сунуштаган. Мекеме 8-январдагы иш күнүн 7-февралга (ишемби), 9-январдагы иш күнүн 25-апрелге жылдырган токтом даярдаган.
Министрлик буга бир нече жагдай себеп болгонун белгилеген. Биринчиден, жаңы жылдан кийин вирустук инфекциялар күч алат. Экинчиден, окуучулардын каникулу 12-январга чейин созулат, алардын ата-энеси менен чогуу эс алуусуна шарт түзүү зарыл. Мындан тышкары, кышкы туризмден түшө турган кирешени көбөйтүү жана энергетикалык жүктү азайтуу да жүйө катары келтирилген.
Сасык тумоо менен ооругандардын арбыганы кадыресе эле көрүнүш экени айтылды