Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Cамат Исабеков ЕАЭБде жаңы кызмат алды

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Самат Исабеков Евразия экономикалык комиссиясынын бажы инфратүзүмү департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.
Ал 1972-жылы туулган. 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2009-жылы ТИМдин Дипломатиялык академиясынан "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган.
Бажы органдарында контрабандага, баңгизат бизнесине жана бажы эрежесинин бузулушуна каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн. Мындан тышкары, болжолдуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышына жооп берген бөлүмдөрдү жетектеген.
2021-жылдын июнь айынан ушул жылдын февралына чейин Кыргызстандын Бажы кызматын жетектеген.
ЕЭК Кыргызстан катышкан кооперациялык долбоорго субсидия берүүнү жактырды