АКШдагы университетте атышуу болуп, борбор азиялык студент каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. АКШдагы Браун университетиндеги ок атышуунун натыйжасында өзбекстандык студент каза болду. Бул тууралуу РИА Новости республика ТИМинин маалымат катчысы Ахрор Бурхановго шилтеме берип жазды.
"Провиденс шаарындагы (Род-Айленд штаты) Браун университетинин аймагында болгон атышуудан улам каза болгон өзбекстандык студент Мухаммад-Азиз Умурзоковдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деген Бурханов.
Буга чейин Провиденс шаарынын мэри Бретт Смайли ишемби күнкү атышуудан эки адам каза болуп, тогуз адам жаракат алганын билдирген. Университеттин администрациясы каза болгондор студенттер экенин тастыктады. CNN телеканалынын маалыматы боюнча, 24 жаштагы Бенжамин Эриксон шектүү катары кармалган. Ал аскер кызматкери экени, кызматы үчүн сыйлыктарга ээ болгону айтылды. Мурда Арлингтон улуттук көрүстөнүндө иштеген.
Бурхановдун айтымында, Өзбекстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери маркумдун жакындары менен тынымсыз байланышта болуп, тиешелүү америкалык органдар менен кызматташууда.
Таиланд менен Камбоджанын чек арасында аскердик кагылышуу жүрүп жатат