"Ала-Тоодо" башкы балатынын оту жанды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык башкы балатынын оту жанды. Майрамдык маанайды концерттик программа коштоду.
Балатынын бийиктиги 32 метр, ал эми төбөсүнө тагылган жылдызды кошкондо 35 метр.

Бишкектин мэриясы мурдараак, балатыны жандыруу жана жаңы жыл түнүндөгү маданий иш-чарага беш миллион сом каралганын билдирген эле.
Жапаров кар жиреп мектепке барган окуучуну президенттик балатыга чакырды