БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекке Кытайдан газ менен жүргөн 95 жаңы автобус келгенин муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, үч эшиктүү автобустардын узундугу 12 метрди түзөт. Кондиционер менен жабдылган. Болжол менен 70 жүргүнчү батат.
Коомдук транспорт Европа реконcтрукция жана өнүктүрүү банкынын 12 миллион евролук насыясына алынган. Ар бир автобустун баасы 118 миң 158 евро.