БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Валерий Меладзенин Бишкектеги концертине эмнеге тыюу салынганын түшүндүрдү.
Маалыматка караганда, чет өлкөлүк артисттердин концерттерин өткөрүү үчүн уюштуруучулар алдын ала уруксат алып, керектүү документтерди тапшырууга милдеттүү.
"Министрлик артисттин өз өлкөсүндөгү жана эл аралык аренадагы кадыр-баркын, анын чыгармачылыгынын жалпы кабыл алынган моралдык жана укуктук нормаларга шайкештигин текшерет. Меладзенин Россиядагы концерттик ишмердүүлүгүнө тыюу салынган", — дешти Маданият министрлигинен.