"Сыра ичкем". Мас болуп кармалган экс-министр кызматтык унаа менен жүргөн. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин мурдагы башчысы Бактияр Орозов кызматтык автоунаасын мас болуп айдап жүргөн. Бул тууралуу Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздаган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 15-декабрга караган түнү автоинспекторлорго кармалып, ошол учурда айдоочулук күбөлүгү да жанында болгон эмес.
Видеодон ал эки кружка сыра ичкенин моюндап, медициналык экспертизадан өтүп жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Орозов "этикалык талаптарды сактабагандыгы үчүн" илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулган.
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары алмашты. Алардын бирөө — депутат