Илим, жогорку билим берүү министри Бактияр Орозов иштен алынды. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
"Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Орозов аталган министрликти 7 ай жетектеди.
"Чексиз тариф" идеясы үчүн жетекчи энергетиктерге сөгүш жарыяланып, бирөө иштен алынды