БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Азиз" базарында өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан базардагы контейнерлердин бири күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө 8 өрт өчүрүүчү топ тартылып, чектөөгө алынды. Жалын болжол менен 500 чарчы метрди жалмаган. Жабыркагандар жок.