16-декабрга карата аба ырайы

16-декабрда тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде туман тушүп, кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 4…9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1…6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 6…8, Ош шаарында 7…9 градуска жетет.
Кар жаап, күндүн көзү бузулат. Келерки жумага карата аба ырайы