3D принтинг продукциялары бардык тармактарда жайылып жаткан учуру. Өзгөчө Россия, Кытай сыяктуу ири өлкөлөр өндүрүш, курулуш багыттарында активдүү колдонуп жатышат.
Экономикасы чакан Кыргызстан сыяктуу мамлекет үчүн бул бүтүндөй республикалык экономиканы өзгөртө ала турган багыт экенин айткан иликтөөчү экономист Улукман Мамытов Кыргызстанда дагы бул тармакты өндүрүшкө жигердүү колдонуу керектигин сунуштайт.Аталган жабдуулар республикада жасалып, аны өндүрүштүн ылайык келген тармактарына колдонуу менен сапат жана үнөмдөө жана убакыттан уткан ишкерлердин бизнеси чоң секирик жасай ала турганын белгилеген окумуштуу муну менен катар эле адистерди даярдоо зарылдыгына токтолду.
3D принтинг - деген эмне? Аны өндүрүштүн кайсы багыттарына колдоно алабыз? Кандай адистер керектелет? Бүгүнкү уктуруубузда кеп болот.