"40 райондон 40 демилге" долбоору жыйынтыкталып, 4 инновациялык демилге жана 4 стартап жеңүүчү болду. ар бир мыкты инновациялык демилгенин жеңүүчүлөрүнө жана мыкты стартап демилгелер үчүн акчалай колдоо каралган. Алардын арасында "Гидропоника" аталышындагы стартап дагы бар. Дал ушул "Гидропоника" стартабынын түзгөн Эрнист Айдарали уулу жана экоблогер Жибек Амантур кызы “Стимул” программасында конокто болду.