Быыйыл да инновациялык борбордо “40 райондон 40 демилге” долбоорунун финалисттеринин инновациялык долбоорлору өттү. Иш-чарада акселерациялык программадан ийгиликтүү өткөн 24 катышуучу өз долбоорлорун Ведомстволор аралык комиссияга сунуштаган.
Комиссиянын курамына министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет. Алардын баалоосу менен 2025-жылдагы мыкты инновациялык демилгелер аныкталат.
Быйылкы тандоого өлкөнүн бардык аймактарынан 209 өтүнмө келип түшүп, алардын ичинен 30 долбоор алдын ала тизмеге кирген. Асель Бекбаеванын маектин жүрүшүндө айткан маалыматына караганда инновациялык долбоорлорго бир миллион, ал эми стартаптарга 500 миң сом каражат берилет жана аны ишке ашышы көзөмөлгө алынат.
Айыл чарба тармагынан баштап, маалыматтык технологияга чейинки мыкты долбоорлор келип түшкөн. Бирок айрымдар сөз чеберчилиги жок болгондуктан жакшы түшүндүрүп бере албай, сынактан өтпөй калышкан. Катышуучу кыз Жибек келечектеги жакшы пландары менен бөлүштү.