Эмнеге кызыл жана жашыл китептин ордуна кадастрдык план берилүүдө?

Sputnik
Эми кызыл жана жашыл китептин ордуна кадастрдык план берилет. Башкача айтканда, кадастрдык план жердин "паспортунун" милдетин аткарары кабарланды. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында дал ушул жаңы кирген өзгөрүүлөр тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Акматов жооп берди.