Тамак-аш коопсуздугу камсыздалат — ЕАЭБдин техрегламенттери кандай иштеп жатат?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров " Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ өлкө боюнча тамак-аштын сапатын көзөмөлдөөнүн комплекстүү эрежелерин белгилейт жана чийки заттан баштап, даяр продукцияны сактоого, ташуу жана сатууга чейинки бүтүндөй өндүрүш циклине тиешелүү. Мыйзамда тамак-аш коопсуздугу боюнча бирдиктүү талаптар аныкталат, тобокелдиктерди башкаруу тутуму киргизилет.