Жапаров катышкан "Мурас" турниринде кимдер жеңди. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров катышкан “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Ага баш-аягы ар кайсы мамлекеттик мекемеден келген 16 команда катышты.
Бүгүн соңку таймаш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орун — “Аймактар” командасы, 400 миң сом;
2-орун — “Президенттин командасы”, 300 миң сом;
3-орун — “Ден соолук”, 200 миң сом;
4-орун — “Ыйман” командасы, 100 миң сом.
1 / 3

Ар бир команда жеңиш үчүн жан үрөп ойноду

2 / 3

Жапаров аталган турнир мамлекеттик мекемелер арасында өз ара түшүнүшүүнү жана биримдикти бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.

3 / 3

Өзүнүн командасын алдыга сүрөп жаткан күйөрман

Оюндун мыкты оюнчулары аныкталып, 50 миң сомдон сыйлык алышты.

Алар:
“Эң мыкты оюнчу” — Эрик Молдокулов (“Ыйман”);
“Эң мыкты чабуулчу” — Нурлан Турусбеков (“Ден соолук”);
“Эң мыкты дарбазачы” — Нурбек Алимов (“Аймактар”).
Президент байге ээлерин куттуктап, “Мурас” турнири Кыргызстандын коомдук турмушунда калк арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтууда, спортко болгон кызыгууну арттырууга жакшы себеп болуп жатканын айтты.
Андан сырткары, мамлекеттик мекемелер арасында өз ара түшүнүшүүнү жана биримдикти бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.
Президент Жапаровго Бириккен күрөш дүйнөсүнүн ордени тапшырылды. Сүрөт