БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Америкалык эки аскер менен котормочулук кылган бир жай жаран Сириянын Пальмира шаарында "Ислам мамлекети"* тобуна каршы операцияда көз жумганын РИА Новости Пентагонго шилтеме берип жазды.
Агенттиктин маалыматында, дагы үч киши жаракат алган. Кол салуу америкалык полковник менен Сириянын ИИМ өкүлдөрү жолугуп жатканда болгон. Алар аймактагы куралдуу топ жана террорчулук менен күрөшүүнү талкуулап жатышкан.
Пулеметчон киши имараттын терезесинен аскерлерди мээлеп, ок чыгарганы айтылат. Сириялык жана америкалык жоокерлер жооп иретинде ок атып, кол салган кишинин изине түшүп жок кылышкан.
Араб мамлекетинин ИИМ өкүлү Нуруддин аль-Баба Сириянын күч түзүмдөрү Пальмирада куралчандар кол салышы мүмкүн деп эскертүү берилгенин, бирок олуттуу кабыл алышпаганын белгилеген. Эми коргонууга көңүл бурулуп жатканы айтылат.
Дональд Трамп "Ислам мамлекети"* тобунун мындай аракетине өтө олуттуу жооп болоруна убада берген.
* — Россияда, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук топ