ЖМК: Сиднейдеги белгилүү пляжда элди аткылашып, адамдар көз жумду. Видеолор

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Австралиянын Сидней шаарындагы Бондай пляжында атылган октон каза тапкан 10го чукул адамдын ичинде балдар жана полиция кызматкери болгону айтылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
ЖМКлар жаракат алгандардын арасында эки полиция кызматкери жана балдар бар деп кабарлашты. Шектүүлөрдүн бири жок кылынганы, үчөө кармалганы айтылууда.
Reuters агенттиги 13 киши жаракат алды деп кабарлады.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, ок чыгаргандар еврейлердин Ханука майрамына арналган иш-чаранын катышуучуларын бутага алган.
Жергиликтүү news.com.au басылмасы кол салуу бир нече ай даярдалган деп жазды.
Окуя учурунда жээкте еврей жамаатынын 2 миңдей мүчөсү болгон.
АКШ: Браун университетинде белгисиз киши ок чыгарып, эки адам каза тапты. Видео