Жолдун жээгинде турган. Сержант машина менен сүзүп кеткен киши каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Борбор калаанын чет жагындагы Таш-Мойнок айылынын жанынан жол боюнда турган жай жаранды аскер кызматкери автонуаа менен койдуруп кетип, 65 жаштагы киши каза болуп калды.
Чүй облустук жол милициясынан бүгүнкү кырсыктын кандай болгонун айтып беришти.
Алдын ала алынган маалыматка таянсак, 25 жаштагы сержант Toyota Highlander айдап келе жатып, жолдун четинде турган кишини, андан соң токтоп турган экскаватордун айдоочусун сүзүп алган.
Кырсыктан кийин сержанттын автоунаасы ала салып барып, короонун дубалына урулган.
Ал эми кырсыктан кийин сержанттын автоунаасы аласалып барып, короонун дубалына урунган.
Анын ичинде бараткан үч аскер кызматкери ооруканага жеткирилип, машинаны айып короого киргизишкен.
Өзгөндөгү жол кырсыгы эки киши менен ымыркайдын өмүрүн алды. Видео